24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
15:11, 21 июня 2017, 24.kg

Кубатбек Боронов: Өрт өчүргүчтөр кечикпейт жана унаасында дайым суу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кубатбек Боронов өрт өчүрүү кызматына айтылган сынды кабыл албайт. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, өрт өчүрүү кызматы окуя болгон жерген дайыма убагында жетүүгө аракет кылат.

«Мисалы, жакында Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда өрт чыкты. Өчүрүү кызматы кеч келди дешет. Алар 30 минутта жетиптир. Анткени, үйгө кеткен жолго машиналар токтотулуп, айдоочуларын тапканча эле ошончо убакыт өткөн» — дейт министр.

Кубатбек Боронов Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы газ толтуруучу жайдагы жарылууга өрт өчүрүү кызматы суусуз барган деген маалымат туура эмес.

«Машинадагы суу 5 мүнөткө гана жетет. Анан кайра сууга кетишет. Айрымдар суусуз келип кайтып кетип жатат» — деди ал.

Views
189
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18