24.kg
14:39, 21 июня 2017, 24.kg

Коммерсанть: Кыргыз аткаминерлери Кремльде жан талашып сүрөткө түштү

Россиянын «Коммерсанть» басылмасы кыргыз аткаминерлеринин Кремль сарайындагы жүрүм турумун жазып чыкты.

Гезиттин кабарчысы мамлекеттик делегациянын өкүлдөрү жанталашып сүрөткө түшкөндүгүн айтат.

«Залдын шыбы, дубалы, килеми, чырагы… деги эле алар сүрөткө тартпаган эч нерсе калган жок. Эми бул да түшүнүктүү алардын президентти акыркы жолу бул жерге келип жатат» — дейт журналист.

Басылма делегациянын баары гимн ойнолгон кезде колун жүрөк тушуна койгондугуна баа берип, бирок, ырдабагандыгына таң калган.

«Өзүнүн сезимдерин ачыкка чыгаруудан корконсуп экөө гана акырын оозун кыймылдатып жатты» — дейт ал.

Эскерте кетсек, учурда Алмазбек Атамбаевдин Россияга беш күндүк мамлекеттик сапары өтүүдө. Президент Москвадагы жолугушуулардан кийин Татарстан жана Башкырстанга жөнөп кетет.

Views
214
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18