24.kg
Юлия КОСТЕНКО
12:09, 21 июня 2017, 24.kg

«Аз камсыз болгон үй-бүлө" түшүнүгү мыйзамдан алынып салынды

«Аз камсыз болгон үй-бүлө" түшүнүгү мыйзамдан алынып салынды. Бул жөнүндөгү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жөлөк пул тууралуу долбоорду талкулоо учурунда белгилүү болду.

Ага депутат Кенжебек Бокоев көңүл бөлүп, себебин сурады.

«Бизде эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жокпу? Эмнеге бул түшүнүк алынып салынды?», — деди ал.

Социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова ал депутаттардын демилгеси экендигин билдирди. Демилгечилердин бири Карамат Орозованын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөнү аныктоо кыйын.

Эскерте кетсек, Социалдык өнүгүү министрлиги баардык үй-бүлөлөргө кирешесине карабай жөлөк пул берүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоорго ылайык баардык жарандар бала төрөлгөндө сүйүнчү (4000 сом) алышат. Жөлөк пул үч жашка чейин, андан кийин үчтөн ашык балалуу үй-бүлөлөрдүн 3–16 курактагы балдарына (500–700 сом) берилет.

Долбоорду каржылоого 7 миллиард 964 миллион сом керек. Долбоор кабыл алынча, 2018-жылдан баштап күчүнө кирет.

Views
214
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18