24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
10:45, 21 июня 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев: Россиядагы мигранттардын жашоосу бир топко жеңилдеди

Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, Россиядагы мигранттардын жашоосу бир топко жеңилдеди. Бул тууралуу президент кечээ, Москвада, Россиянын президенти Владимир Путин менен бирге журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президенттин айтымында, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин тышкы сооданын жана мигранттар которгон акчанын көлөмү кескин көбөйгөн.

«ЕАЭБдин жыйынтыгы тез көзгө көрүнүп жатышы жакшы. Анткени, бул уюмга Кыргызстандын кошулуусуна каршы чабуулдар болгон. Бирок, ага карабай биздин үмүттөр акталды. Анча мынча маселелер бар, бирок, аны чечүүдө биз Россияга ишенебиз», — деди Алмазбек Атамбаев.

Белгилей кетсек, учурда Алмазбек Атамбаев Россияда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Москвадагы жолугушуулардан кийин ал Татарстан жана Башкырстанга жөнөп кетет.

Views
256
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18