24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
09:06, 21 июня 2017, 24.kg

Россия Кыргызстандын карызын кечти

Россия Кыргызстандын баардык карыздарын кечти. Бул тууралуу журналисттерге каржы министри Адылбек Касымалиев Москва шаарында президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн каржы министрлери Кыргызстандын 240 милллион доллар карызын кечүү боюнча протоколго кол коюшту.

Эгемендүүлүк алгандан тарта 2012-жылга чейин Кыргызстан Россияга 488,9 миллион доллар карыз болчу. 2013-жылы 188,9 миллион доллар жоюлган. Калган 300 миллион доллардын кайтаруу мөөнөтү узартылган. 2016–2017-жылдары Россия дагы 60 миллион доллардан баш тарткан.

Протокол Россиянын мамлекеттик думасында жактырылгандан кийин гана күчүнө кирет.

Views
234
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18