24.kg
08:29, 21 июня 2017, 24.kg

Тажикстанда 40 жаштан ашкандар гана ажыга бара алышат

40 жашка чыга элек Тажикстандын ондогон жарандары быйыл ажылык парзын аткара албай калышты. Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, ажыга 40 жаштан жогоркулар гана бара алышат. Умра үчүн курактык чектөөлөр жок. Бул тууралуу centralasian.org сайты маалымдайт.

Маалыматта, Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети бул чечимди аткаминерлер чечим көбүрөөк улгайган кишилердин зыяратка баруусу үчүн кабыл алынганын билдирет.

Комитеттин айтымында, быйыл ыйык жайга баруу үчүн кезекке тургандардын саны кескин кыскарды. Ошол эле маалда балдарынын жардамысыз сапарга чыга албай, жүздөгөн кары адамдар дагы ажылыктан баш тартууга аргасыз болушкан.

Былтыры Сауд Арабияга 6 миң тажикстандык зыяратчы барган. Дин иштери боюнча комитетинин Тажикстан үчүн орундарды 8 миң кишиге чейин көбөйтүү аракети натыйжа бере элек.

Views
196
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18