24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
16:30, 20 июня 2017, 24.kg

Текебаевдин соту. Президенттикке талапкерди үй камагына бошотуу суралды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сунуштады. Чынара Жакыпбекова Өмүрбек Текебаев алдыдагы шайлоого катышып жаткандыктан, башка талапкерлер менен бирдей шартта ат салышууга уруксат берүүнү суранды.

Өмүрбек Текебаев дагы Айбек Эрнис уулуна кайрылып, анын иши саясый буйрутма экендигин айтты.

«Мени шайлоого катыштырбаш үчүн ойлонуп табылган иш. Ат салышуу бул менин конституциялык укугум. Сиз аны ишке ашыруу мыйзам чегинде жол ача аласыз» — деди Өмүрбек Текебаев

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат.

Сот бүгүн эле жактоочунун үч сунушун четке какты. Биринчиси — видео жана аудиого тартууга уруксат берүү болчу. Андан кийин прокурорлорго ишенбестик айтылып, аларды кайтарып алуу зарылдыгы белгиленген. Аларды канааттандырбаган соттун өзүн чакырып алуу талабы коюлган. Ага да сот макул болгон эмес.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясын башкарууда артыкчылыктарды убадалап, Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.

Views
728
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18