24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
15:35, 20 июня 2017, 24.kg

Кыргызстанда экстремисттик көз -карашты кармангандардын саны эки миңден ашат

Кыргызстанда экстремисттик көз -карашты кармангандардын саны эки миңден ашат. Бул тууралуу Бишкек террорго каршы эл аралык форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди.

Анын айтымында, 2010–2017-жылдар аралыгында 1 миң 600 экстремисттик кылмыш катталган. Жыл башынан бери 313 диний экстремизмге байланыштуу окуя болсо, анын 102сине кылмыш иши козголгон.

Эрлан Бакиевдин билдирүүсүндө, экстремисттер көбүнчө диний кастыкты козгоп, азыркы мамлекеттик түзүмдү жоготууга чакырат. Алар мындай ураандарын атайын материал, окуу курал жана видео-аудио түрүндө жөнөтүшөт. Экстремисттик кыймылдын катарына киргендер 25–30 курактагы жарандар.

Кыргызстанда 18 уюм жана Саид Буряттын кайрылууларын таркаткан секта экстремисттик деп табылган.

Views
191
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18