24.kg
Анастасия БЕНГАРД
09:44, 20 июня 2017, 24.kg

Азиз жана дүлөйлөрдүн коому Башкы прокуратуранын алдына пикетке чыгат

Азиз жана дүлөйлөрдүн коому Башкы прокуратуранын алдына пикетке чыгат. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине алардын жактоочусу Сергей Брюханов билдирди.

Анын айтымында, коомдун мүчөлөрү Башкы прокуратуранын ишине нараазы.

«Алар бизге тийишпей өз ишин кылышса. 2016-жылдын 28-декабрында батирлер боюнча кылмыш ишин козгошту. Жарым жыл өтсө да эч кимге айып тагылган, эч нерсе чечилген жок. Элдер алган батирин менчиктештире албай олтурат. Мындай талаштар негизинен кылмыш эмес, административдик иштин алкагында чечилиши керек», — деди ал.

Сергей Брюханов батирлер камоого алынып, 225 кишинин колу байланып турганын билдирди.

«Коомдо 9 миң 500 адам бар. Анын 800ү гана батирлерде жашайт. Он адам батирлерге жетпей нараазы болуп турат. Ошол нараазы болгон майыптарды дени соо адамдар жетектеп, көрсөтмө берип жатышат», — дейт ал.

Views
171
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18