24.kg
Анастасия БЕНГАРД
08:50, 20 июня 2017, 24.kg

Ананьеводогу жарылуудан кийин баардык газ сатуучу жайлар текшерилет

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Ананьеводогу жарылуудан кийин баардык газ сатуучу жайлар текшерилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Өкмөт башчысы ИИМге Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында болгон кырсыкты дыкат иликтөө тапшырмасын койду. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына баардык газ сатуучу жайларды текшерип чыгып, талапка жооп бербегендерин жабуу буйругу берилди.

Сооронбай Жээнбеков кырсык боюнча иликтөө иштерин жеке көзөмөлгө алды.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнда май куйуучу жайдын жаныдагы газ баллон жарылган. Эки адам жайында мерт кетип, 8 киши жабыр тарткан. Бишкектен даарыгерлер тобу жөнөт кеткендиги маалымдалды.

Views
320
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18