24.kg
08:44, 20 июня 2017, 24.kg

Дүйнөдө качкындардын саны 65,6 миллионго жетти

БУУнун маалыматы боюнча, 2016-жылы качкындардын жана башпаанек сурагандардын саны рекоррдук көрсөткүчкө — 65 миллион 600 миң адамга жеткен. Бул 2015-жылга салыштырганда 300 миң кишиге көп. Бул тууралуу centralasian.org порталы маалымдайт.

БУУнун эксперттери белгилешкендей, орточо эсеп менен өткөн жылы ар мүнөт сайын 20 адам же ар үч секунд сайын бирден адам үйүн таштап кетип турган.

Маалыматка караганда, качкындардын көбү — беш жарым миллион адам — Сириядан чыгышкан.

Баяндаманын авторлору Түштүк Судандагы абалдын чыңалуусуна дагы көңүл бурушкан. Анда кагылышуулардан улам былтыр дээрлик 800 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен.

Бир канча күн мурда БУУнун качкындар иштери боюнча мекемесинин башчысы Филиппо Гранди дүйнө коомчулугун качкындарды кабыл алуу үчүн каралган жерлерди 13 эсеге көбөйтүүгө үндөгөн. Айтымында, учурда бир миллиондон ашык киши башка жерге жайгаштырууга муктаж.

Views
175
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18