24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
17:33, 19 июня 2017, 24.kg

Партиянын курултайына кеткен чыгым шайлоо фондунан гана төлөнүшү керек

Президенттикке ат салышкан талапкерлер партиянын курултайына кеткен чыгымды шайлоо фондунан гана төлөшү керек. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын айтымында, талапкер болуп катталбай жатып, партиянын курултайын өз чөнтөгүнөн, башка булактан төлөө мыйзамга каршы келет. Андыктан, мекеме саясатчыларга курултай өткөн имараттын акысы боюнча келишим түзүп, белгилүү мөөнөтттөн кийин төлөп берүү милдетин алууну сунуштайт.

Талапкерлер БШКга документтерин тапшырып, шайлоо фондун түзгөндөн беш күндөн кийин эсептен акча чыгымдай алышат.

Эскерте кетсек, 15-июнда талапкерлерди каттоого алуу башталды. Азырынча эч ким расмий каттала элек. Назарбек Нышанов жана Өмүрбек Текебаев гана документтерин беришти. Бирок, 300 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагын тапшырып, күрөө акчасын бергенден кийин гана катталат.

Views
180
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18