24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
15:26, 19 июня 2017, 24.kg

Малдардын өздүгүн аныктоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынат.

Малдардын өздүгүн аныктоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Административдик кодекске өзгөртүү киргизилип, жарандар 50 эсептик көрсөткүч, кызмат ээлери 75 эсептик көрсөткүч менен айып пул төлөйт.

«Евразия экономикалык биримдигинин эрежелери боюнча ар бир малда өзүнүн эн белгиси болушу шарт. Анда ал тууралуу маалыматтар жазылат. Мал союула турган болсо, маалыматтарды активдештирүү эрежелери толук сакталышы керек», — деди депутат Экмат Байпакбаев.

Андан тышкары санитардык-ветеринардык эрежелерди бузгандарга, таштандыларды жок кылуу жоболорун сактабагандарга, малдардын өлүгүн сактоочу жай талапка жооп бербесе жана малын уруксат берилбеген жерде жайгандарга дагы айып салынат. Мында 50дөн 150 эсептик көрсөткүчкө чейин акча төлөнөт.

Views
194
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18