24.kg
Анастасия БЕНГАРД
13:59, 19 июня 2017, 24.kg

Текебаевди шайлоого каттабаса, бийлик андан корккондугун гана далилдейт

«Ата-Мекен» партиясы Боршайком орой мыйзам бузууга барбай, Текебаевдин талапкер катары катарына ишенет. Бул тууралуу бүгүн партиянын мүчөлөрү билдиришти.

Аида Салянованын айтымында, партиянын юристтери Боршайкомдун баардык жоболорду сакташын көзөмөлдөп турушат.

«Катталууга толук укугу бар жаранды каттатпай коюу үчүн мыйзам бурмаланышы керек. Ага биз көз салып турабыз. Албетте биздин өлкөдө мыйзам иштейби деген суроо турат», — деди ал.

Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, азыр эле Текебаевди дароо соттоп, талапкер катары каттатпай коюу аракети жүрүп жатат.

«Эгер Текебаевди талапкер катары катташпаса, андан коркушары маалым болот», — деди ал.

Партия өкүлдөрүнүн айтымында, БШК талапкер документтерин тапшыргандан кийин он күн ичинде ага жооп бериши керек. Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары, 27-июнга чейин алардын лидеринин кыргыз тилин билүүсүн аныктап, каттоого алат деп үмүт артышат.

Алар соттолуп мөөнөтүн өтөп жаткан жана сот тарабынан ишке жарамдуу эмес деп табылган жаран гана шайлоого катыша албастыгын эскертишет.

Views
194
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18