24.kg
Анастасия БЕНГАРД
12:49, 19 июня 2017, 24.kg

Өмүрбек Текебаев шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышат

Өмүрбек Текебаев шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева билдирди.

Анын айтымында, партия үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Өмүрбек Текебаевди талапкер катары көрсөткөн. Бирок, ал Боршайкомго өзүн-өзү көрсөткөн жаран катары катталды.

«Конституция боюнча анын толук укугу бар. Биз Өмүрбек Текебаевдин бир эле партиянын масштабындагы лидер эместигин билебиз», — деди Асия Сасыкбаева.

Канатбек Азиздин билдирүүсүндө, Өмүрбек Текебаев УКМКнын абагында олтурса дагы шайлоого катыша алат.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев экинчи болуп, БКШга талапкер катары катталууга арыз берди. Ага чейин «Лига — Антикризис» коомдук фондунун директору Назарбек Нышанов документтерин тапшырган. Талапкерлерди каттоо 15-августта аяктайт. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

Views
174
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18