24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
12:23, 19 июня 2017, 24.kg

Аида Салянова Сапар Исаковду суракка чакырууну талап кылды

Аида Салянова Сапар Исаковду суракка чакырууну талап кылды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунда ишти кароо учурунда айтылды.

Соттун жүрүшүндө Алексей Елисеевдин күбө катары сотко чакыруу маселеси дагы көтөрүлдү. Депутаттын жактоочулары аны скайп аркылуу сөзгө тартууга болорун айтышты.

Эскерте кетсек, Алексей Елисеев Латвиядан саясый башпаанек алган.

Андан сырткары, кезинде Алексей Елисеев менен бирге Максим Бакиев жетектеген Инвестиция тартуу борборунда (ЦАРРИ) иштегендерди дагы суракка алуу сунушталды. Анда президенттин аппарат башчысы Сапар Исаковдун ысмы дагы аталды.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» айыбы тагылууда.

Views
315
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18