24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
11:31, 19 июня 2017, 24.kg

Аида Салянованын жактоочулары ишти кайра УКМКга кайтарууну сунушташты

Аида Салянованын жактоочулары ишти кайра УКМКга кайтарууну сунушташты. Бул тууралуу Ленин райондук сотунда ишти кароо учурунда айтылды.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын жактоочулары иш толук тергелип бүтпөгөндүгүн айтышып, ишти Улуттук коопсуздук кызматына кайтарып берүүнү суранышты.

Алардын айтымында, Алексей Елисеев 2016-жылы юридикалык кызмат көрсөткөн интернет баракчасын ачкан эмес. Анын баракчасы 2010-жылы пайда болгон. Деги эле интернет сайтты ишке киргизүү үчүн жактоочулук лизенция талап кылынбайт.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, Елисеев интернет баракча ачып, сайтты каттоо үчүн лизенция талап кылынган. Ошол жылы анын лизенциясын Аида Салянова узартып берген.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» айыбы тагылууда.

Views
161
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18