24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
10:44, 19 июня 2017, 24.kg

Аида Салянованын сотунда прокурорлор коркутууларга арызданышты

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, мурдакы башкы прокурор Аида Салянованын сотунда прокурорлор коркутууларга арызданышты. Алардын айтымында, сот залында олтурган айрым кишилерге аларды опузалашкан.

Прокурорлор аларды залдан чыгарып, эскертүү берүүнү сунушташты. Аида Салянованын жактоочу укук коргоо органдарына кайрылуу кеңешин берди.

Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлиги кезинде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгондугу айтылып жүрөт. Ага «Мегаком» компаниясына байланыштуу иш козголгон. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет.

Views
189
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18