24.kg
15:36, 16 июня 2017, 24.kg

Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушу 65 пайызга аткарылды

Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушу 65 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловго шилтеп маалымдайт.

Министрдин айтымында, жолдун курулушу 2 фазадан турат. Биринчи фазада 400 млн доллар көлөмүндөгү жумуштар жасалууга тийиш.

Министрлик кеч күзгө чейин Сузактан тоннелге чейин жана тоннелден Казарманга чейинки бөлүгүнө асфальт төшөлүп бүтөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн КСДП фракциясы министрликтин өлкөдөгү жолдордун абалы жана курулуп жаткан жаңы жолдор боюнча маалыматын уккан.

Түштүк альтернативдүү жолу Бишкек-Ош каттамдарына дагы бир мүмкүнчүлүк ачат. Анын курулушу 2014-жылы башталган. Узундугу 433 километр.

Views
251
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18