24.kg
Анастасия БЕНГАРД
14:38, 16 июня 2017, 24.kg

Бишкекте кичиавтобустардын айрым каттамдары жабылды

Бишкекте кичиавтобустардын айрым каттамдары жабылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди.

Биринчилерден болуп 113 -каттам жабылды. Анын ордуна жакында 35- автобус ишке кирген.

«Каттамдардын ортосу 4 минут болушу керек. Ал үчүн 16 машина болсо жетиштүү. 113-каттамда 50–60 кичиавтобусу бар. Бул ашыкча», — деди ал.

Мэрия жаңы автобустар сатып алынышы менен башка каттамдар дагы токтотуларын билдирет. Бул боюнча жүргүнчү ташуучу ишканаларга дагы маалымдалган.

«Жаңы кичиавтобустук каттамды, мисалы, Лев Толстой көчөсүндө ачса болот. Башка бош каттамдар боюнча дагы сунуш берип турабыз» — деди Геннадий Милицкий.

Views
216
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18