24.kg
10:11, 16 июня 2017, 24.kg

Тажикстанда көп аял алган жаранга кылмыш иши козголду

Тажик жаранына аялын өз өмүрүнө кол салууга жеткиргендиги үчүн иш козголду. Бул тууралуу Озоди маалымдайт.

Маалыматка караганда, Тажикстандын Лангар айылынын тургуну 29 жаштагы Алифмо Худойназорова 13-июнь күнү боюн суу сактагычка таштаган. Анын үч айлык боюнда бар экендиги айтылууда.

ИИМ аялдын күйөөсү Мухаммадзариф Зарифовго «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренесинен сырткары, «Көп аял алуу» боюнча дагы иш козгоп, камоого алды. Айрым маалыматтар боюнча Мухаммадзариф Зарифовду эки аялы болгон. Алимфо анын экинчиси болчу.

Жаш аялдын сөөгү дагы эле табыла элек.

Views
203
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18