24.kg
08:46, 15 июня 2017, 24.kg

Казакстанда диний кастыкты козутууга айыпталган аял беш жылга соттолду

Алма-Атанын соту Капшагай шаарынын 34 жаштагы тургуну Жанна Умированы беш жылга эркинен ажыратты. Ага диний кастыкты козутуп, террорчулукка үгүттөгөн деп айып тагылган. Бул тууралуу Азаттыктын казак кызматы кабарлайт.

Өкүмдү угузууга айыпталуучуга берилген мамлекеттик жактоочу катышкан жок.

Жанна Умирова соттун чечимине макул эместигин, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди. Ал соттон кичинекей эки баланы тарбиялап жатканын, жесир энеси оорукчан экенин эске алып, абакка кеспөөнү сурады.

Белгилей кетсек, соттолгон аял ага коюлган айыптардын бири да мойнуна алган эмес.

Жанна Умирова быйыл январда кармалган. Анын жашы жете эле эки уулу учурда 65 жаштагы апасынын колунда тарбияланууда.

Views
173
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18