24.kg
08:37, 15 июня 2017, 24.kg

АКШ Сенаты Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду

АКШ Сенаты көпчүлүк добуш менен 2016-жылы Американын шайлоо кампаниясына кийлигишкендиги үчүн Орусияга жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары кабарлайт.
Мыйзам долбоорунда Россиядан тышкары Иранга карата чаралар дагы каралган.

Документке Сенат бүгүн, 15-июнда добуш берет. Андан соң мыйзам долбоору Конгресстин Өкүлчүлүк палатасына жөнөтүлөт.

Жаңы чектөөлөр Орусиянын бир катар энергетикалык долбоорлоруна жана экономикасынын маанилүү тармактарын насыялоого киргизилет. Андан сырткары, адам укугун бузгандар, Сириядагы Башар Асад режимине курал жөнөт, Орусия өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен киберчабуул жасаган хакелерге жана мамлекеттик мүлктү коррупциялык схемалар менен менчиктештирип алган бийлик ээлерине дагы таасири тийет. Аны менен бирге «кара тизмеге» Орусиянын коргонуу жана чалгын түзүмдөрү менен бизнес жүргүзгөндөр дагы алынат. Санкциялар орусиялык тоо-кен өндүрүшүн, металлургия, деңиз жана темир жол аркылуу жүк ташуу тармактарын дагы өз кучагына алат.

Views
166
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18