24.kg
Юлия КОСТЕНКО
14:23, 14 июня 2017, 24.kg

Чет өлкөдө 900 миң этникалык кыргыз жашайт

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында, чет өлкөдө 900 миң этникалык кыргыз жашайт. Бул тууралуу Акыйкатчынын баяндамасында айтылат.

Эң көп этникалык кыргыздар Өзбекстанда жашашат. Коңшу мамлекетке 300 миң кыргыз бар. Кытайда 200 миң, Тажикстанда 82 миң 300, Түркияда 2 миң 500, Ооганстанда 2 миң кыргыз жашайт.

Алардын көпчүлүгү кыргыз тилдүү мектептер жабылганын, жумушка алууда чектөөлөр бар экенин айтышып, мекенине көчүп келүүнү каалашат.

2015-жылдын аягына 33 миң 718 этникалык кыргыз кайтып келишкен. Алардын 17 миң 238и аял жана 16 миң 480и эркек.

Белгилей кетсек, этникалык кыргыздарга кайрылман макамы берилет. Алар жарандыкты дагы оңой жол менен ала алышат.

Views
229
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18