24.kg
Анара МАМЫТОВА
12:37, 14 июня 2017, 24.kg

Парламентте «Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү долбоорду кайтарып алуу сунушталды

Жогорку Кеңеште «Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүнү кайтарып алуу сунушталды. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев пленардык жыйында айтты.

Депутаттын пикиринде, аталган мыйзам социалдык теңдик жана калыстык принциптерине каршы келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалын начарлатат.

«Жөлөк пулга муктаж эмес, бирок, 3–5 баласы бар үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам алышат. Алардын эки баласы бар кембагал коңшусу акча албайт. Ушул калыстыкпы?» — деди ал.

Кенжебек Бокоевдин айтымында, жөлөк пул ага муктаждарга гана берилиши керек.

Эскерте кетсек, Социалдык өнүгүү министрлиги баардык үй-бүлөлөргө кирешесине карабай жөлөк пул берүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоорго ылайык баардык жарандар бала төрөлгөндө сүйүнчү (4000 сом) алышат. Жөлөк пул үч жашка чейин, андан кийин үчтөн ашык балалуу үй-бүлөлөрдүн 3–16 курактагы балдарына (500–700 сом) берилет.

Долбоорду каржылоого 7 миллиард 964 миллион сом керек. Долбоор кабыл алынча, 2018-жылдан баштап күчүнө кирет.

Views
231
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18