24.kg
11:31, 14 июня 2017, 24.kg

Аксыдагы күйдүргүнүн очогу көмүлгөн жер бекемделди. Азырынча коркунуч жок.

Аксыдагы күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жер бекемделди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматында, Аксы районунун Бүркүт аймагындагы күйдүргүнүн очогу көмүлгөн жерге жакын дарыя жээгинин 50 метри таштар менен бекемделди.

«Бирок, коркунуч такыр жок деп айта албайбыз. Суунун-деңгээлине көзөмөл салып туруу керек» — дейт ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов.

Анын айтымында, күйдүргү жарасынын очогу айыл өкмөтүнө караштуу. Андыктан, мыйзамга ылайык жергиликтүү бийлик органдары мындай жайларды коргоо, бекемдөө иштерин жүргүзүшү керек.

ӨКМдин билдирүүсүндө, күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерлер жылына эки жолу текшерилет.

Эскерте кетсек, Авлетим дарыясы жээктен ашып, жугуштуу жара көмүлгөн жерди алып кетүү коркунучу жаралган.

Views
195
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18