24.kg
Анастасия БЕНГАРД
10:19, 14 июня 2017, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндөгү паракорлукту четке кагат

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндөгү паракорлукту четке кагат. Бул тууралуу министрликтин Акыйкатчынын «Кыргызстандын аялдарынын репродуктивдүү укугун сактоо» баяндамасына карата билдирүүсүндө айтылат.

Министрлик мыйзамга ылайык боюнда бар, төрөй турган жана жаңы төрөгөн аялдарга бекер жардам берилерин маалымдайт.

«Медициналык кызматкерлер төрөтканага түшкөн аялдарга акчасына карата мамиле кыла албайт. Анткени, даарыгердин башкы максаты — сапаттуу жардам көрсөтүү», — дейт министрлик.

Министрлик бейтаптардын укугу боюнча баардык медициналык мекемелерде жазылып көрсөтүлгөндүгүн маалымдайт. Арыз даттануулар үчүн атайын кулпуланган ящиктер орнотулганын эскертип, акча талап кылган даарыгер боюнча учурунда кабарлоону суранат.

Эскерте кетсек, Акыйкатчы атайын баяндамасында төрөт үйлөрүндө аялдардан мыйзамсыз акча топтолоорун маалымдаган. Анда сурамжылоонун жүрүшүндө аялдардын 63 пайызы төрөткөн даарыгер менен алдын-ала сүйлөшүп, акча бергендигин айтышкан.

Views
298
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18