24.kg
17:32, 13 июня 2017, 24.kg

Кыргызстандын БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү программасындагы карызы 385 миң доллар

Кыргызстандын БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү программасындагы мүчөлүк карызы 385 миң доллар. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика министринин орун басары Кубан Мырзаков Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Кубан Мырзаковдун айтымында, бул 1993-жылдан бери топтолгон карыз жана аны төгүү менен Кыргызстан программанын алкагында тийиштүү жардамды ала алат.

«Азыр Орусия өнөр жайды өнүктүрүү багытында 500 миӊ доллар бергени турат. Ал үчүн биз адегенде карыздан кутулушубуз керек. Уюм буга чейин курулуш тармагына 8 миллион доллар берген, эми айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү тармагына 2 миллион доллар каражат бөлөт. Ага мүчө өлкөлөр да жардам беребиз деп турушат», — дейт ал.

Views
183
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18