24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
16:04, 13 июня 2017, 24.kg

Кара-Суу шаарындагы көмөк чордон толугу менен жаңыланды


Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы көмөк чордон толугу менен жаңыланып курулду. Бул тууралуу аймактагы энергообьектерге болгон сапарда «Кыргызстандын улуттук электрстанциялары» акционердик коомунун директорунун орун басары Арипжан Топчубаев билдирди.

Анын айтымында, оңдооо жана курулуш иштери Ислам банкынан алынган насыяга бүткөрүлдү. Наркы 197 миллион сомго бааланган.

«Жабдуулар толук жаңыланды. Кошумча T-1 кубаттуулугу 25 мегавольттук трансформатор орнотулду», — дейт ал.

Бул көмөк чордон Кара-Суу районун гана эмес, айрым учурда Ош шаарына, Жалал-Абад облусунун аймактарына дагы электр жарыгын бере алат.

Views
245
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18