24.kg
Анара МАМЫТОВА
15:22, 13 июня 2017, 24.kg

Бачабаздык үчүн соттолгондорго мунапыс колдонулбайт

Бачабаздык үчүн соттолгондорго мунапыс колдонулбайт. Бул сунушту Жогорку Кеңештин тартип, кылмыштуулук жана жемкорлукка каршы күрөшүү комитети жактырып, аны бекиткен айрым мыйзамдарга өзгөртүүнү колдоду.

Мыйзам долбоордо жаты жете элек балдардын жыныстык кол тийбестик укугун бузгандыгы үчүн соттолгондорго мунапыс колдонбоо сунушу киргизилген. Андан сырткары, жашы жете электерге каршы кылмышка баргандарга мөөнөтүн өтөп, эркиндикке чыккандан кийин 5 жылга чейин педогогикалык иш менен алектенүүгө тыюу салынат.

Эгер, жашы желе электерге карата кылмыш жасалган болсо, укук коргоо органдары арыз жазылбаса дагы иш козгоо укугуна ээ болот.

«Балдарга карата зомбулук жыл санап күчөп жатат. Андыктан, бачабаздарга карата айрым чараларды кайра карап чыгуу зарыл», — деп айтылат мыйзам долбоордо.

Views
241
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18