24.kg
Юлия КОСТЕНКО
13:02, 13 июня 2017, 24.kg

Тыюу салынгандыгына карабай Кайынды мэриясы бүтүрүүчүлөргө кече уюштуруп жатат

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кече уюштурууга тыюу салынгандыгына карабай Кайынды шаарынын мэриясы дасторкон жайып, майрам уюштурат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып-алуу порталында жарыяланат.

Чүй облусунун Панфилов районунун мэриясы түнкү кече өтө турган жерди кооздо үчүн атайын каражаттарды сатып алууга тендер жарыялады. Ага жергиликтүү бюджеттен 22,7 миң сом сарптап, шар, гүл, кагаз, чаптагыч сатып алышмакчы.

Андан сырткары, кечени уюштуруучуларга дагы лот жарыяланган. Бүтүрүүчүлөр үчүн мөмө-жемиш, суусундук жана таттуулар алынат.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү кечелерин мектепте, мектептен сыркары жайларда, кафе-ресторандарда өткөрүүгө тыюу салган.

Views
235
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18