24.kg
10:39, 13 июня 2017, 24.kg

Авлетим дарыясы жээктен ашып, күйдүргү көмүлгөн жайга жакындады

Авлетим дарыясы жээктен ашып, күйдүргү көмүлгөн жайга жакындады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Автелим дарыясы бир ай мурда жээктен ашкан. ӨКМ аймакка өзгөчө кырдаалдар киргизген. Абалды министр жеке көзөмөлгө алгандыгы дагы маалымдалган.

ӨКМдин билдирүүсүндө, дарыя жээкке жакын жердеги күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жайга жакындап калды.

Эскерте кетсек, жаранын очогу 1984-жылы 27-июль күнү көмүлүп, 50 чарчы метр бетондолгон.

Министрликтин айтымында, жээкти бекемдөө үчүн 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 ХОВО, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, бекемдөө иш-чаралары уланууда.

Views
186
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18