24.kg
08:32, 13 июня 2017, 24.kg

АКШда эки штаттын башкы прокурорлору Трампты сотко беришти

Колумбия округу менен Мэриленд штатынын башкы прокурорлору АКШ президентин сотко беришти.

Башкы прокурорлордун пикиринде, Трампт мамлекеттик чиновниктердин чет өлкөдөн белек жана сыйлык алуусуна тыюу салган АКШнын Конституциясын бузду. Конституцияга ылайык, аткаминер чет өлкөлүк инвестициядан пайдаланган глобалдык бизнес-империяны башкарууга акысы жок.

Колумбия окуругунун башкы прокурору Карл Рэйсин менен Мэриленд штатынын башкы прокурору Брайан Фрошдун айтымында, мамлекеттик чиновниктер кайсы бир өлкөдөн, ханзаада же королдон белек, тартуу, сыйлык алуу алгач Конгресстин макулдугун алышы керек.

Трамп январда активдерин уулдары башкарарын, бирок иштин жүрүшүнөн маалымат алып турарын билдирген. Көпчүлүк америкалыктар болсо президент кызыкчылыктардын кагылышуусунан оолак туруу үчүн бизнесин сатышы керек деп эсептешет. Республикалыктар басымдуулук кылган АКШ Конгресси дагы Трамптын бизнесин сатпоо тууралуу чечимине каршы чыккан эмес.

Башкы прокурорлор президентти сотко берүү менен мамлекеттик бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту сактоого тырышып жатышканын баса белгилешүүдө.

Views
199
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18