24.kg
Анастасия БЕНГАРД
17:06, 12 июня 2017, 24.kg

Депутаттар балдардын окуу эмес, иштешине жол ачууну каалайт

Айрым депутаттар балдардын окуу эмес, иштешине жол ачууну кааларын бүгүн парламентте депутат Наталья Никитенко билдирди. Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин парламенттин депутаттары окуу жылын 1-сентябрдан 15иге жылдырууну сунушташкан. Мыйзамчылардын пикиринде, айыл жергисинде 1-сентябрга карата күзгү түшүм жыйноо башталып калып жатат.

Депутат Кыргызстанда иштеген балдардын саны көп экендигин, кырдаалды мындан ары да татаалдантпаш үчүн бул сунушту четке кагууну суранды.

«Балдар ансыз деле оор жумушка тартылып, зомбулукка кабылып келет. Балдардын эсебинен саясый упай топтобойлу» — деди ал.

Views
222
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18