24.kg
Анастасия БЕНГАРД
16:34, 12 июня 2017, 24.kg

Шишик менен ооруган бейтаптарга жеке менчик ооруканада дарыланууга болбойт

Шишик менен ооруган бейтаптарга жеке менчик ооруканада дарыланууга тыюу салуу сунушу Жогорку Кеңештин бүгүнкү профилдик комитеттин жыйынында айтылды. Жыйында «Калкка шишик илдеттери боюнча жардам көрсөтүү" мыйзам долбоору талкууланууда.

Депутат Евгения Строкованын айтымында, кургак учук жана шишик илдеттери менен ооругандар мамлекеттик клиникаларда гана дарыланышы керек.

«Азыр Улуттук онкология борборунда операцияга чоң акча талап кылышса, бейтаптар башка жер менен сүйлөшүп жатышат. Бул туура эмес. Бул илдетти дарылоо катуу көзөмөл астында гана жыйынтык берет», — деди депутат.

Андан сырткары, мыйзам долбоордоа шишик илдети менен ооругандарды жергиликтүү бийлик жылына бир дарыланууга барган транспорттук чыгымын төлөп бериши каралган.

Жыйында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, эртең Индиядан «Бабатрон» жабдуусу келерин, ал бир ай ичинде ишке кирерин маалымдады.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборун толук жабдуулар менен камсыз кылуу буйругун берген.

Views
165
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18