24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
14:35, 12 июня 2017, 24.kg

Садыр Жапаровдун соту. Эмилбек Каптагаев күбөдөн, жабырлануучуга айланды

Ысык-Көл облусунун мурдакы губернатору Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун ишинде жабырлануучу катары аныкталды. Аны бүгүн Биринчи май райондук соту тактады.

Белгилей кетсек, бул кылмыш ишинде Эмилбек Каптагаев алгач күбө болчу. Ал өзү да Садыр Жапаровго каршы арыз жазбаганын жана эч кандай дооматы жоктугун билдирген.

Эскерте кетсек, Эмилбек Каптагаев 2013-жылы 7-октябрда көлдөгү активисттердин Кумтөр боюнча митингинде барымтага алынган. Анын уюштуруучусу катары Садыр Жапаров айыпталууда.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровго кылмыш кодексинин бир канча беренелери, анын катарында барымтага алуу жана башаламандык айыптары да тагылууда. Ал 25-мартта кармалып, абакка камалган.

Views
660
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18