24.kg
12:35, 12 июня 2017, 24.kg

Казакстан Кыргызстанга ЕАЭБтин алкагында бере турган акчанын көлөмүн көбөйттү

Казакстан Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бере турган акчанын көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин маалымат кызматы кабарлайт.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткан кезде, Казакстан уюмдун техникалык регламент жана башка талаптарын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн 7 миллионн 526 миӊ доллар убадалаган. Парламенттин билдирүүсүндө, азыр ал акча 41 млн 38 миӊ долларга чейин көбөйтүлдү.

Андан сырткары, коңшу мамлекет 100 млн доллар көлөмүндө техникалык жардам көрсөтөт. Ал бажы инфратүзүмдөрүн жабдууга жана сыноо лабораторияларын модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат.

Жогорку Кеңеш бул акчалар эки өлкө ортосундагы атайын макулдашуунун негизинде ишке ашаарын белгилейт.

Эскерте кетсек, Россия дагы ЕАЭБке киргенден кийин Кыргызстандын экономикасына колдоо иретинде 500 миллион доллар бөлүп, ал каражатты башкарууга Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн.

Views
231
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18