24.kg
Анастасия БЕНГАРД
10:49, 12 июня 2017, 24.kg

Аскердик милдетти өтөөнүн альтернативдүү жолу кымбатташы мүмкүн

Альтернативдүү аскердик кызмат кымбатташы мүмкүн. «Кыргызстандын жалпы аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызмат» жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүү сунуштаган долбоор учурда Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, Альтернативдик кызмат 1993-жылы киргизилген. Ал саламаттыгы, үй-бүлөлүк абалы, диний ишеними аскердик милдетин өтөөгө туура келбеген жарандарга берилет. Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, бул толук мүмкүнчүлүгү бар туруп, бирок аскердик милдетти өтүүдөн качкандарга жол ачып, жемкорлукка өбөлгө түзүп келет.

Долбоордо «соттолгон», же «ден-соолугуна байланыштуу» деген түшүнүктөрдү алып салуу сунушталат. Ошол эле учурда альтернативдүү кызматка чакыруунун жаңы талабы киргизилет. Ага ылайык, каалагандар аскердик милдетин коомдук жумушка алмаштырып өтөй алышат. Бул айрыкча диний ишеними жол бербегендерге сунушталат. Алар 18 ай бою 108 сааттык коомдук жумушту аткарып, 250 эсептик көрсөткүч менен акча төлөйт. Бул 25 миң сомдун өлчөмүндө. Альтернативдик кызматтын акысы азыр 18 миң сом.

Коомдук жумушту аткаруучулар окуудан, же иштен бош мезгилинде 4 сааттан, жумушсуздар болсо 8 сааттан ашык эмес иштешет.

Views
268
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18