24.kg
09:16, 12 июня 2017, 24.kg

«Фергана. Ру» ага тагылган айыптар жана соттун чечими менен макул эмес

«Фергана. Ру» маалымат агентиги ага тагылган айыптар жана кабарчысы Улугбек Бабакуловго каршы козголгон кылмыш иши менен макул эмес. Бул тууралуу редакциянын таркаткан билдирүүсүндө айтылат.

Анда, «Фергана. Ру» алар сотко чакыруу албагандыгын жана эмне айып коюлуп жаткандыгын билбестигин маалымдайт.

«Биз дагы эле сайттын эмне себептен жабылганын түшүнбөйбүз. Азыр соттун чечимин алууга аракет жасап жатабыз», — деп белгилешет.

Редакциянын журналисттеринин айтымында, аларга каршы согуш ачылып, атайын каралоо, социалдык тармактарда кооптуу комментарийлер жазылып, телеканалдарда буйрутма сюжеттер берилип жатат. Журналисттер алар эл аралык нормага таянып иш алып барарын билдиришет.

«Биз эч качан мыйзамдарды бузуп, «улуттар аралык кастыкты козутпайбыз». Болгону коомдук маанайды жана проблемаларды так жана ачык баяндап турабыз. Бизге коюлган айыптар саясый өңүттө. Журналисттерибизди коргоого алып, Бишкек шаардык сотунун чечимин сөзсүз арызданабыз», — дейт редакция.

Эскерте кетсек, редакциянын кабарчысы Улукбек Бабакуловго, УКМКнын тергөө башкармалыгы Кылмыш Кодексинин 299-беренесинин негизинде улуттук кастыкты козгоо айыбын тагып, иш козгогон.

Views
196
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18