24.kg
Анастасия БЕНГАРД
09:05, 12 июня 2017, 24.kg

Улуттук кийимдер күнүн белгилөө сунушталууда

Улуттук кийимдер күнүн белгилөө сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому коомдук талкууга коюлду.

Долбоордун демилгечиси депутат Айнуру Алтыбаева, 2016-жылдан бери 5-март Ак калпак күнү катары белгиленип келе жаткандыгына токтолду.

«Бирок, аялдардын баш кийимине жана жалпы эле улуттук кийимге көңүл бөлүнбөйт. Кыргыз улуттук кийимдерин дагы үгүттөө керек деп эсептейм», — деп белгилейт депутат.

Айнуру Алтыбаева демилге туризм жана жеңил өнөр жай тармагына дагы пайдалуу болорун айтат. Депутаттын пикиринде, бул жергиликтүү чебер, ууздарга улуттук кийимдердин жаңы жана кайталангыс үлгүлөрүн түзүүгө түрткү болот.

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Калпак, Элечек жана Улуттук кийим күндөрүн өзүнчө белгилеп олтурбай, октябрдын экинчи аптасын Салттуу маданияттын майрамы катары сунуштаган.

Views
356
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18