Нарындагы Борбордук Азия университетинин студенттери эмки жылы «Манасты» окушат
Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин студенттери эмки жылы «Манас» эпосун жана Кыргызстандын тарыхын окушат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, эки тараптын жарашуу учурунда университеттин деканы Диана Пауна кечээки болгон окуяда башка ойдо калса, бүгүн пикирин өзгөрткөнүн айткан.
«Чын дилиңиздерден кечирим сурап жатканыңыздарды баалайбыз жана кабыл алабыз. Биз тараптан дагы бир катар иштер аткарылат. Кийинки жылдардан баштап «Манас», кыргыз тарыхы боюнча студенттерибизди окутабыз. Жергиликтүү жаштар менен тыгыз иш алып барып, ынтымагыбызды чыңдайбыз», — деди Диана Пауна.