24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
17:03, 09 июня 2017, 24.kg

Нарындык депутат «Нарын» ресторанын тагдырына кабатыр

«Нарындын кулуну катары мага «Нарын» ресторанын тагдыры кызыктуу», — деп билдирди Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков бүгүнкү отурумда.

Депутат ресторанды тарыхый эстелик катары сактап калууну суранат.

Отурумда вице-мэр Бактыбек Дүйшөнбиев, имарат 1995-жылга чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна карагандыгын, андан кийин 0,52 гектар жери менен жабык акционердик коом болуп уюштурулганын айтты. Ресторандын азыркы ээси — «Дэ Чэ Голд» компаниясы, аны 2004-жылы сатып алган.

Бактыбек Дүйшөнбиевдин айтымында, 2016 -жылы ресторан маданий мурастардын тизмесинен чыгартылган.

«Курулуштун зилзалага туруктуулугу боюнча институтту имаратты натыйжасыздыгын жана аны колдонбоо кеңешин берген бүтүмү бар» — деп билдирди вице-мэр.

Views
233
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18