24.kg
Юлия КОСТЕНКО
11:59, 09 июня 2017, 24.kg

Депутат туристтерди тартуу үчүн Эйфел мунарасы сыяктуу көзүр табууну сунуштайт

Маданият жана маалымат министрлигине туристтерди тартуу үчүн Париждеги Эйфел мунарасы сыяктуу көзүрдү ойлоп табууну депутат Айнуру Алтыбаева сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, темирден жасалган Эйфел мунарасы Францияга миллиондогон туристтерди тартат.

«Силер дагы тапкычтыгыңарды көрсөтүп, жаңы бир көзүр ойлоп чыгаргыла. Бизге жараткан ыроологон табияттан сырткары дагы туристтер келе турган бир жай болсун», — деди Айнуру Алтыбаева.

Ал аткаминерлерге Кытайдын тажрыйбасын колго алып, жылына жок дегенде бир жолу туристтик жайларга барып келүүнү адат кылууга чакырды.

Views
250
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18