24.kg
10:38, 09 июня 2017, 24.kg

Кыргызстанга келген туристтер таштандыга, дааратканын жоктугуна арызданышат

Кыргызстанга келген туристтер таштандыга, дааратканын жоктугуна арызданышат. Бул боюнча маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Андан сырткары, туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси дагы ачык бойдон.

«Өткөн жылы туристтерге кол салган бир нече окуя болуп, бизге терс таасирин тийгизди», — деди Азамат Жаманкулов.

Ал Кыргызстан жөнүндө Европанын бир нече өлкөлөрү дагы эле билбестигин, түз абакаттамдар жоктугун белгиледи. Министрлик быйыл Делиден аптасына 7 жолу уча турган абакаттамды ачуу үчүн иш жургүзүүдө.

Андан сырткары, жыйында маалым болгондой көлдөгү 195 пансионаттын 111инин гана агынды суулары тазаланат. Өткөн жылы 57 эс алуу үйүнөн 2 миң 433 мыйзам бузуу катталып, 300 миң сомдук айып салынган. Андан сырткары, көлдүн үстүнө курулган 12 баня жабылган.

Views
197
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18