24.kg
Анастасия БЕНГАРД
09:49, 09 июня 2017, 24.kg

Бишкек шаарындагы кичиавтобустар толук жаңыланат

Бишкек шаарындагы кичиавтобустар жаңы жобо менен иштеп башташат. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү Бишкек мэриясы кичиавтобустарга сынак жарыялайт. Сынак шаардык кеңештин 2013-жылы иштеп чыккан жаңы жобосунун негизинде өткөрүлөт. Ага ылайык кичиавтобустардын паркы толук жаңыланышы керек.

Бирок, мэрия былтыры жарыялаган сынакка шаардагы жүргүнчү ташуучу ишканалар каршылык көрсөтүп, сотко беришкен. Вице-мэрдин айтымында, ишканалар түшүнүү менен кабыл алып, бул жолу нараазычылыктар болбойт.

Белгилей кетсек, 41 жеке фирма 121 каттамды тейлейт. Шаар тургундарын ташууга күнүнө 2,7 миң кичиавтобус жолго чыгат.

Views
456
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18