24.kg
Анастасия МОКРЕНКО
14:22, 08 июня 2017, 24.kg

Дача СУ айылындагы авиакырсыктан каза болгондордун туугандары Түркияда эс алат

Чүй облусунун Сокулук районунун Дача СУ айылына кулаган «Боинга-747» учагынан каза болгондордун туугандары Түркияга эс алууга кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Алардын айтымында, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев менен сүйлөшүүдөн кийин түрк тарап набыт болгондордун 39 тууганына бекер эс алуу уюштуруп берүүнү колго алган.

Өкмөт айыл тургундарына акчалай компенсацияны төлөтүп берүү үчүн ACT Airlines жана камсыздандыруучу компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирет.

«Түрк тарап компенсацияны төлөп бергенден кийин, ал жана жарандардан чогулган каражат боюнча маалымат берилет», -дейт өкмөт.

Дача-Сулуктар Түркияда жети күн эс алышат. Аларды эки даарыгер жана психолог коштоп жүрөт.

Views
390
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18