24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
13:44, 08 июня 2017, 24.kg

Дмитрий Рогозин: Совет мезгилинен бери токтоп турган ишканалар ишке кириши керек

«Совет мезгилинен бери турган ишканалар ишке кириши керек», — деп Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин ЖККУнун(ОДКБ) аскер-экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйынынын соңунда билдирди.

Анын айтымында, жыйында совет мезгилинен бери токтоп турган заводдорду ишке киргизүү маселеси талкууланды. Уюмга кирген мамлекеттер чогуу аскердик өндүрүштөрүн жандантмакчы.

«Бүгүн Кыргызстанга Россиянын Соода жана өндүрүш министрлигинин өкүлдөрү да келген. Алар бир катар ишканаларды карап чыгышты. Токтоп турган, же жарым кубаттуулукта гана иштеген заводдор боюнча биздин планыбыз бар», — деди Дмитрий Рогозин.

Россиядан келген өкүлдөр «Дастан» заводунда болушканы белгилүү. Андан башка дагы «Нур» ишканасы менен иштөө долбоорлору бар. Бул маселе августь айында эки тараптуу жолугушууларда улантылат.

Views
210
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18