24.kg
Анастасия МОКРЕНКО
11:26, 08 июня 2017, 24.kg

Кыргызстанда өзүн жардырууга даярданган адам кармалды

Кыргызстанда өзүн жардырууга даярданган адам кармалды. Бул боюнча Улуттук коопсуздук кызматы кабарлайт.

Маалыматта, террордук чабуул даярдаган адам 6-июнда кармалгандыгы айтылат. Анын эл аралык террордук топтун мүчөсү экендиги аныкталган. Бирок, УКМК террордук топтун атын атабайт.

УКМКнын билдирүүсүндө, М.А. аттуу адам жетекчилигинин буйругу менен жардыруучу затты даярдап, эл көп топтолгон жерде чабуулга даярданып жаткан. Анын үйүнөн жардыруучу затты даярдоо боюнча окуу куралдары, экстремисттик маанайдагы адабият жана аудио-видео, граната жана башка курал жарактар алынган.

Кылмыш иши козголду. Учурда Кыргызстанда 20 уюм террордук деп табылган. Акыркы маалыматтар боюнча 600 кыргызстандык Сирия жана Ирактагы согушка катышып жатат.

Views
203
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18