24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
10:09, 08 июня 2017, 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан 1 миң 55 километр чек арасын тактады

Кыргыз-Өзбек чек арасынын узундугу 1 миң 379 километр, анын 1 миң 55 километри такталган. Бул тууралуу бүгүн кыргы-казак чегиндеги «Кең-Булуң-автожолунун» расмий ачылышында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өкмөт Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны тактоо иштери боюнча тынмсыз сүйлөшүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Өзбекстан менен түзүлгөн комиссия ай сайын жолугушуп турат. Ушундай эле иштер Тажикстан менен да жүргүзүлүүдө. Казакстан менен чек ара толук аныкталып бүткөн», — деди өкмөт башчы.

Ал белгилегендей акыркы алты жылда өкмөт Мамлекеттик чек ара кызматынын ишине олуттуу көңүл бөлүп жатат.

«Бюджеттен бөлүнгөн акчанын көлөмүн көбөйттүк. Гранттар берилип, материалдык-техникалык базасы жакшыртылды. Кызматкерлердин маяналарын көтөрүп, үй куруп берип жатабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, «Кең-Булуң-автожолунун» жаңыланган өтмөгү Чүй облусунун Кең-Булуң айыл аймагынын Достук айылында жайгашкан.

Views
220
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18