24.kg
Юлия КОСТЕНКО
09:58, 08 июня 2017, 24.kg

Парламент депутаттары майрамдардан тажашты

Парламентте майрамдардын өтө көптүгүна нараазычылык айтылды. Жогорку Кеңештин депутат Тазабек Икрамов бүгүнкү отурумда ар айда бир нече расмий жана расмий эмес майрам бар экенине токтолду.

Анын пикиринде, көпчүлүк майрамдардын мааниси дагы, пайдасы дагы жок. Ал Орозонун 15-күнүн Кайрымдуулук күнү катары белгилөөнү сунуштады.

«Көптөр суранып жатышат. Жардамды муктаж болгондорго, мисалы, жер көчкүдөн жабыр тарткандарга кайрымдуулук кылсак болот», — деди депутат.

Тазабек Икрамов Өзгөн районунда жер көчкүдөн жапа чеккендердин балдарын быйыл Жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө киргизүү маселесин чечиш керектигин эскертти.

Views
250
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18